Жаныбек уулу Ислам: UFCнин жогорку лигасында мушташып, дүйнө чемпиону болууга умтулам

Жаныбек уулу Ислам: UFCнин жогорку лигасында мушташып, дүйнө чемпиону болууга умтулам

Жаныбек уулу Ислам 19 жашында бир катар ийгиликтерди жаратты. Ал Кыргызстандын беш жолку чемпиону, MMA, «Кулатуу Эртаймаш», грэпплинг боюнча спорт чебери.

Өлкө чемпиону Reporter.kg’ге ийгиликтери жана алдыга койгон максаттары тууралуу айтып берди.

“Негизи мактаганымды апам жактырбайт, урушат. “ Ушинтип мактаганда утулуп каласың”, — дейт”, — дейт Жаныбек уулу Ислам.

Ислам эрежесиз уруш эмес бокс менен машыгууну көздөгөн.

“1-2 залга бардым, ал жерде көп жаккан жок. Балким туура эмес жайга баргандырмын. Анан бул залды сунуштап калышты. Биринчи күнү эле өлгүдөй чарчадым. Ушунтип машыга турган болсом, 2-3 жылдан кийин бир ийгиликке жетеримди түшүндүм”, — дейт спорт чебери.

Белгилей кетсек, Ислам кунг-фу боюнча дагы Кыргызстандын чемпионатын утуп алган.

“Машыгуунун, учурда төккөн тердин акыбетин көрөйүн. Спортко жумшаган убакытым текке кетпей, ийгиликтерге жетким келет. Жашоодо өз ордум табууга аракет жасап жүрөм”, — дейт ал.

Ислам дүйнө чемпиону болууга, жогорку лигаларга мушташууну самайт. Ал UFC чемпионатына умтулат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: МАКАЛАЛАР
Тэги: ММА мушташ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>