Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Карыянын 120 миң сомун уурдаган адамды издөө башталды – видео
16.10.2022 | 21:29
Токмоктогу мал базарда карыянын 120 миң сом акчасын уурдаган кылмышкерди издөө иштери башталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул факт Токмок шаардык ички иштер бөлүмүндө катталып, териштирүү иштери башталды.
“Учурда карыянын акчасын уурдаган кылмышкерлерди таап, мыйзам чегинде чара көрүү боюнча иштер жүрүп жатат”, – деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, бүгүн, 16-октябрда социалдык тармактарда Токмоктогу мал базарда 120 миң сом акчасын уурдаткан карыянын видеосу тараган. Кайдыгер эмес жарандар карыяга 115,5 миң сом топтоп берген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом