Шакира 18-октябрда Бишкекте концерт берет — билеттер 1-октябрда сатыла баштайт«Бишкекгаз» Ленинское айылында 30-сентябрдан 2-октябрга чейин газ берүүнү токтототКыргызстанда санариптик далилдерди мыйзамдаштырып, виртуалдык активдерге камак салуу сунушталуудаБишкекте үй-тиричилик товарларын жана техникаларын чыгарган өндүрүштүк аянтча ачылдыКыргызстанда кайсы өсүмдүктөрдү жыйноого, колдонууга жана сатууга болбойтБишкектеги Г. Айтиев атындагы музейде байыркы кол жазмалар тууралуу лекция өтөт
Токмок: Мал базарда акчасын уурдаткан карыяга эл акча чогултуп берди – видео
16.10.2022 | 18:24
Токмоктогу мал базарда карыя 120 миң сом акчасын уурдатып алды. Бул тууралуу окуянын күбөсү билдирип, видеосун чыгарды.
Видеодо көрүнгөндөй, кайдыгер эмес жарандар карыяга жардам берүү үчүн акча чогултуп, бири 500 сомдон, башкасы 1 миң сомдон берүүдө. Алдын ала айтылгандай, алар карыяга 115,5 миң сом топтоп берген.
Карыя мал базарга аш өткөрүү үчүн бээ сатып алганы келген.
Чүй облустук милициясы бул окуя боюнча маалыматты тактап берерин билдиришти.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом