Кыргызстандын 107 жараны Катар жана Кувейт мамлекеттеринен алынып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
Эль-Кувейт – Доха – Бишкек багыты менен учуп келген чартердик каттам 14-майда саат 03:30 чамасында «Манас» аэропортуна конгон.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тарабынан ишке ашырылган учак менен жалпы 208 адам келген. Анын 31и Казакстандын жараны болгондуктан коңшу өлкөнүн өкүлдөрү жарандарын атайын транспорт менен өлкөдөн чыгарып кетишкен.
Ал эми 107 Кыргыз жараны обсервацияга алынган.
[su_image_carousel source=»media: 28466,28467,28468,28469,28470,28471″ crop=»none» autoplay=»4″]