Бишкекте майыптыгы бар балдар үчүн жайкы спорттук машыгуулар уюштурулду«Асман Эйрлайнс» Ысык-Көл менен Баткендин ортосундагы алгачкы түз каттамды аткардыЭмгек министрлиги: Жыл башынан бери 7 миңден ашуун үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдүУлуттук тарых музейи менен Франция музей адистерин биргелекте окутатКыргызстан менен Кытай 11 биргелешкен долбоорду ишке ашырууну талкуулашты2026-жылы КРСУну 1000ден ашуун студент аяктады: бүтүрүүчүлөр жана жумушка орношуу көрсөткүчтөрү
Катар жана Кувейттен чартердик каттам менен кыргыз жарандары келди
14.05.2020 | 10:57
Кыргызстандын 107 жараны Катар жана Кувейт мамлекеттеринен алынып келинди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
Эль-Кувейт – Доха – Бишкек багыты менен учуп келген чартердик каттам 14-майда саат 03:30 чамасында “Манас” аэропортуна конгон.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тарабынан ишке ашырылган учак менен жалпы 208 адам келген. Анын 31и Казакстандын жараны болгондуктан коңшу өлкөнүн өкүлдөрү жарандарын атайын транспорт менен өлкөдөн чыгарып кетишкен.
Ал эми 107 Кыргыз жараны обсервацияга алынган.
[su_image_carousel source=”media: 28466,28467,28468,28469,28470,28471″ crop=”none” autoplay=”4″]
Рубрики: Жаңылыктар, Коом