Саламатык сактоо министрлиги көздүн катаракта дартына текшерилип, акысыз операция жасатууну каалаган жарандарды каттоодон өтүүгө чакырат.
Министрлик билдиргендей, быйыл 12-26-сентябрда Кытайдан келген офтальмологдор кыргызстандыктардын көздөрүн текшерип, катаракта боюнча операция жасайт. Ал үчүн жарандар 8-сентябрга чейин Тоголок Молдо 1/7 дарегине (Улуттук госпиталдын мобилдик клиникасы) барып, алдына ала текшерилип, каттоодон өтүшү керек. Каттоо дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 09:00-16:00дор аралыгында жүргүзүлөт.
Жарандардан жанында өздүгүн тастыктаган документтер, маалымкат (пенсия, майыптыгы, баатыр эне тууралуу ж.б. күбөлүгү) болушу керек. Байланыш үчүн телефон: 0990800483
Эскерте кетсек, буга чейин «Экспресс ден соолук – Жаркын саякат» долбоорунун алкагында кытайлык дарыгерлер Кыргызстандагы катаракта дартына чалдыккан 600 адамга акысыз операция жасай турганы кабарланган. Бишкекте 300 адамга, Ошто 300 кишиге операция жасалат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз