Казакстанда адам өлтүрүүгө шектүү Бишкектен кармалды

Казакстанда адам өлтүрүүгө шектүү Бишкектен кармалды

Адам өлтүрүү үчүн издөөдө жүргөн Казакстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүү 31 жаштагы А.Б. аттуу жаран. Ал Казакстанда Кылмыш-жаза кодексинин 99-беренеси (Адамдардын тобу тарабынан жасалган адам өлтүрүү) боюнча издөөдө жүргөн. Ал быйыл 17-июлга караган түнү Алматы шаарындагы клубда 28 жаштагы фитнес-машыктыруучуну атып өлтүргөн деп шектелүүдө.

Белгилүү болгондой, шектүү кылмыш жообунан качуу максатында кыргыз-казак чек ара аркылуу Кыргызстанга мыйзамсыз өтүп, Бишкекте жашырынып жүргөн.

Кыргызстандын ИИМинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына казакстандык кесиптештери кайрылып, шектүү Кыргызстанда жашырынып жүргөн болушу мүмкүн деген маалымат берген. Кайрылуудан кийин Кыргызстандын милиция кызматкерлери издөө иштерин баштап, шектүү Бишкектеги мейманканалардын биринен кармалган.

Маалым болгондой, кармалган шектүү буга чейин оор кылмыш жасагандыгы үчүн кылмыш жообуна тартылган.

Казакстанда издөөдө жүргөн шектүү ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кол түшүрүлгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Бишкек ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>