Кадамжайда 6 баш бодо мал уурдап бараткан шектүүлөр кармалды

Кадамжайда 6 баш бодо мал уурдап бараткан шектүүлөр кармалды

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери Баткендин Кадамжай районунда мал уурдап бараткан шектүүлөрдү кармады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Кадамжай районунда «А» жана «Ү» аттуу жарандар мал уурдоого бара жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Алынган маалыматтын алкагында ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүп, 30-июль күнү Кызыл-Кыя — Ош унаа жолунда «Мерседес-Бенц» жүк ташуучу унаасы токтотулуп, ичинде уурдалган 3 баш уй жана 3 жылкы аныкталган.

Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүгү (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен районунун 31 жаштагы Н.А. жана 34 жаштагы М.У. аттуу тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча иштер жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Баткен ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>