Бишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылдыБишкектин окуучулары Кыргызстандан чыккан биринчи космонавт Салижан Шарипов менен жолугуштуБишкекте 6 күндөн бери изделип жаткан өспүрүмдүн сөөгү табылдыДүйнөгө мунай баасынын кескин секириги коркунуч туудурабы жана Борбордук Азия Ормуз кысыгын алмаштыра алабы — АбдыровБишкектин Түндүк айланма жолуна жаңы транспорттук түйүн курула баштады2026-жылдын жазына карата Кыргызстанда кыймылсыз мүлктүн баалары кандай өзгөрдү?
Казак дарыгерлери Бишкекте 7 балага операция жасашты
09.04.2024 | 15:00
Казак дарыгерлери Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 7 баланын кулагына операция жасашты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Казакстандык отохирург, профессор Айгуль Медеулова кыргызстандык кесиптештери менен биргеликте угуу органдарына уникалдуу операцияларды ишке ашырды.
Алар тимпанопластика, тубаса холеостотоманы алып салуу, ортонку баш сөөк чункурчасынын катуу мээ чел кабыгындагы кемтикти сөөк мому менен жабуу жана ортонку кулакты тимпонопластика менен санитардык тазалоо жүргүздү.
Балдардын операциядан кийинки абалы туруктуу, үйлөрүнө чыгууга камданып жатышат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом