Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Бишкекте нотариус жетим балдардын мүлкүн тартып алууга жардамдашкан
09.04.2024 | 14:07
Биринчи май районундагы мамлекеттик нотариалдык конторанын нотариусу 3 томолой жетимди мүлктөн ажыраткан. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка караганда, 9 баланын ата-энеси каза болуп, 2021-жылы алардын ортосунда кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө укуктар тең бөлүштүрүлүп, мурастоо боюнча күбөлүктөр берилет. Ошол эле күнү жашы жете элек үч бир туугандын камкорчусу Ж.Н. алардын менчигин тартып алуу үчүн нотариус менен сүйлөшөт. Жыйынтыгында 17 жаштагы А.Д, 14 жаштагы А.А. жана 9 жаштагы А.М. мүлкүнөн толук ажыратылат.
Нотариус аймактык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан макулдук албай, балдардын укугун бузгандыктан ага каршы Башкы прокуратура”Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” айыбы менен иш козгоду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом