Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Нарындагы тамтыгы чыккан жол. Министрлик түшүндүрмө берди (видео)
09.04.2024 | 15:45
Транспорт министрлиги Нарын облусундагы бузулган жол тууралуу түшүндүрмө берди.
Эскерте кетсек, буга чейин соцтармактарга Нарындагы Ача-Кайыңды – Баш-Кайыңды жолу былтыр гана жасалып, жаздын келиши менен талкалана баштаганы тууралуу видео чыккан. Аталган видео коомчулукта кызуу талкууга алынган.
Министрлик билдиргендей, видеодогу жол – Ача-Кайыңды – Май-Босого жолунун 2-4-чакырымдар аралыгындагы тилке. Ал жер 2020-жылы “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №957 Жол тейлөө мекемеси тарабынан асфальтталган. Быйыл жаздын келиши менен жер астына саркынды суунун топтолушунан улам жалпы 305 метр жерде жаракалар пайда болуп, жол бузулган.
Министрлик аталган тилке тез арада оңдолорун билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом