Айтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылдыБишкектин окуучулары Кыргызстандан чыккан биринчи космонавт Салижан Шарипов менен жолугуштуБишкекте 6 күндөн бери изделип жаткан өспүрүмдүн сөөгү табылдыДүйнөгө мунай баасынын кескин секириги коркунуч туудурабы жана Борбордук Азия Ормуз кысыгын алмаштыра алабы — АбдыровБишкектин Түндүк айланма жолуна жаңы транспорттук түйүн курула баштады
Казак инвесторлор Ысык-Көлдө күн электр станциясын курат
05.05.2023 | 16:56
Казакстандык инвесторлор Ысык-Көлгө күн электр станциясын курат. Бул тууралуу «Казинформ» агенттиги жазды.
Маалым болгондой, Кыргызстандын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен “Күн Булагы” ЖЧК кыргыз-казак биргелешкен ишканасы күн электр станциясын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча меморандумга кол койду. Ага ылайык кубаттуулугу 50 МВт күн электр станциясы Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында казакстандык инвесторлор тарабынан курулат. Аны курууга 35 млн доллар каралган.
Меморандумга кол коюуга аталган агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев, эки өлкөнүн элчилери, казакстандык «ТГС-Энерджи» жана «ТГС-Констракшн» энергетикалык компаниялары катышкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз