Садыр Жапаров ФИФАнын президентин кабыл алды (сүрөт)

Садыр Жапаров ФИФАнын президентин кабыл алды (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантинону кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда кыргыз футболун өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстандын футбол инфраструктурасын жакшыртуу маселелери талкууланды.

Жапаровдун айтымында, ФИФАнын «Жаш таланттарды өнүктүрүү схемасы» программасы ар бир жаш таланттуу оюнчуга эң сонун мүмкүнчүлүк. Кыргыз тарап кыргыз футболун өнүктүрүүгө Эл аралык футбол федерациясынын көрсөткөн көмөгү үчүн терең ыраазычылык билдирет.

«Кыргызстанга болгон сиздин биринчи сапарыңыз символикалуу жана маанилүү. Сиздин Кыргызстанга келишиңиз кыргыз футболунун өнүгүүсүнө дем-күч берет. Спорт жаатындагы жетишкендиктер мамлекеттин бакубаттуулугунун, биримдигинин жана өнүгүүсүнүн көрсөткүчү болуп саналат», — деди Садыр Жапаров.

Жапаров спорт түрлөрүнүн ичинен футбол анын жан дүйнөсүнө өтө жакын спорт экенин, өзү бала кезинен бери ойнорун жана футбол дүйнөсүндө болуп жаткан окуяларга чоң кызыгуу менен баам саларын белгилеген.

Президент ата мекендик футболду өнүктүрүүгө багытталган ар бир демилгени ар тараптуу колдой турганын кошумчалап, өзү демилгелеген минифутбол боюнча «Мурас» турнири тууралуу айтып берди. Ал жакшы салтка айланып, турнир жылына эки жолу өткөрүлөт.

«Эл аралык футболду өзүнчө бир үй-бүлө катары карай турган болсок, биз өзүбүздү ал үй-бүлөнүн толук кандуу мүчөсүбүз деп билебиз. Ошондуктан ФИФА бизге үй-бүлөдөгү бир туугандай камкор мамиле кылат деп бекем ишенебиз», — деди Жапаров.

Өз кезегинде Жанни Инфантино жылуу кабыл алуусу жана өлкөдө футбол кандай өнүгүп жатканын өз көзү менен көрүү мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Бул анын Кыргызстанга биринчи сапары.

Алардын максаттарынын бири Кыргызстанда футболдун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү жана эл аралык тажрыйба менен бөлүшүү, ошондой эле спорттун бул түрүн өнүктүрүүгө инвестиция салуу. Ошол эле маалда Жанни Инфантино Кыргызстандын футбол союзунун жакшы иштегенин баса белгилеп, ФИФА Кыргызстанда футболду өнүктүрүүгө максималдуу салым кошуу ниети бар экенин билдирди. Тактап айтканда, алар Ысык-Көлдөгү Балдар жана өспүрүмдөр футбол академиясына жана башка объектилерге инвестиция салууга, техникалык колдоо көрсөтүүгө даяр.

Жанни Инфантино 10 жылдан бери кыргыз футболу кандай жакшы өнүгүп, татыктуу жыйынтыктарды көрсөтүп жатканын байкап келишкенин кошумчалады. Мындан тышкары, ал кыргызстандык футболчулардын физикалык да, техникалык жактан да талантын белгиледи.

Инфантино кыргыз тарапка спорт тармагындагы кызматташтыкты мындан ары активдештирүүгө даярдыгы жана каалоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>