БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Казакстан 8-июндан тарта ПЦР тест талап кылбайт
07.06.2022 | 14:54
8-июндан тарта Казакстандын жарандары жана чет элдиктер үчүн чек арадан өтүүдө эмдөө жана ПЦР тест тастыктоо талаптары жокко чыгарылат. Мындай чечимди коронавирусту жайылтпоо боюнча ведомстволор аралык комиссия кабыл алган.
“8-июндан тарта Казакстандын жарандары жана чет өлкөлүктөр үчүн COVID-19га каршы эмдөө же ревакцинациялоонун документалдык далилдерин (паспорт/маалымкат/КОВИД-19га каршы эмдөө жөнүндө күбөлүк) көрсөтүү боюнча милдеттүү талап жокко чыгарылат”, – деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Казакстандын мамлекеттик чек арасынын айрым участокторунда өлкөнүн жети облусунда убактылуу жабылган 12 унаа өткөрүү пункту ачылат.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар