Окуучулар менен бөтөлкөлөш болгон мугалимдер бар, — депутат

Окуучулар менен бөтөлкөлөш болгон мугалимдер бар, — депутат

Бүгүн, 7-июнда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин отурумунда “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору каралды.

Жыйында демилгечи депутаттардын бири Мирлан Самыйкожонун айтымында, балдарга камкордукту үйдөн баштоо керек.

“Биздин чоң инвестициябыз бул — балдар. Балдарга камкордукту үйдөн көрүшүбүз керек. Ата-энелерибиз бизди мугалимге тарбиялап бер деп өткөрүп берип, “мугалимдин айтканын ук, тартип бузба, бизди уят кылба” деп айтышчу. Азыр айрым ата-энелер “Эгер мугалим сага бир нерсе десе, мен анын көзүн чукуйм” дешет. Баланын психологиясында “менин атам күчтүү” деген ой жашайт. Ошондой балдар мектепке барып, мугалимге түр көргөзүп жатышат”, — дейт депутат.

Ошондой эле, Мирлан Самыйкожо мугалимдер статусун бийик алып жүрүшү керектигин белгиледи.

“Кийинки мезгилде биз мугалимди робот катары көрүп калдык. Ал дагы эне, анын дагы үйүндө көйгөйү болот. Ал мектепке окуучуларга билим берейин деп келип атса, анан окуучулар кийген кийимин шылдыңдап, баш бербей жатышса¸ мугалим үчүн жагымсыз болот.

Ошондой эле, мугалимдер дагы өзүнүн статусун бийик алып жүрүшү керек. Эгерде мугалим күчтүү болсо балдарга сынып бербейт. Кээде мугалимдер класска кирип алып, партанын үстүндө көйнөк, бут кийим сатып жаткан учурлар кездешет. Ошондой мугалимдердин кадыры жана сыйы кетет. Ал эмес окуучулар менен бөтөлкөлөш болуп жүргөн мугалимдерди айыл жергесинен кездештирбей койбойсуң. Ошондуктан мугалимдер дагы статусун бийик алып жүрүшү керек” , — деди эл өкүлү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>