ИИМ: “Бандит” аттуу рейдинде 18 кылмыштын бети ачылды

ИИМ: “Бандит” аттуу рейдинде 18 кылмыштын бети ачылды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тарабынан 2-2-июнь күндөрү “Бандит” аталышындагы ыкчам-издөө жана алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мындай алдын алуу иш-чаралары ар дайым өткөрүлүп турат жана ал кылмыштуулукту эскертүүгө, ар кандай кылмыштарга бөгөт коюга жана анын бетин ачууга, кылмыштуу идеологияны үгүттөгөндөрдү жана коомго каршы аракеттерди жасашкандарды аныктоого багытталган.

“Аталган операцияны өткөрүү маалында республика боюнча 18 кылмыштын бети ачылды. Анын ичинде бейбаштык, алдамчылык, тоноо болсо, мурда жасалган 7 кылмыштын бети ачылды. Мүлктүк кылмыштарды жасоо үчүн издөөдө жүргөн 4 адам кармалды.

Уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган адамдар менен тиешелүү иштер жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө алардын мурда жасалган кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу текшерилди.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери Уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 10 адамды аймактык бөлүмдөргө жеткиришип, алар менен алдын алуу боюнча маектешүүлөрдү жүргүзүштү”,  — деп айтылат маалыматта.

Тэги: кылмыш

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>