Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты14-март: Өлкөдө күн ачык болот
Алматыда сасык тумоо күч алды
25.01.2023 | 21:38
Алматыда курч респиратордук вирустук инфекция менен ооругандар көбөйүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка караганда, соңку жумада 13 804 учуру катталды. Анын ичинен 8860 бала ооруган. Бул ооругандардын жалпы санынын 64,2%ын түзөт. Жалпысынан эпидемиологиялык сезондо Алматыда 343 миң 417 учур катталды.
Алдын алуу үчүн өз убагында эмдөө алуу сунушталат. Бул үчүн мурда сасык тумоого каршы үч валенттүү орусиялык “Гриппол плюс” вакцинасы сатылып алынган. Сасык тумоого каршы эмдөө жыл сайын эпидемияга чейинки мезгилде (октябрь-ноябрь айлары) учурдагы өндүрүлгөн жылдын вакцинасы менен гана алынууга тийиш.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар