Акылбек Жапаров Жамшид Ходжаев менен кездешти

Акылбек Жапаров Жамшид Ходжаев менен кездешти

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Жамшид Ходжаев менен кездешти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун жана соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө, ошондой эле Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун линиясы аркылуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Тараптар эки мамлекеттин башчыларынын өз ара соода көлөмүн 2 млрд АКШ долларына жеткирүү боюнча тапшырмаларын ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантуу алкагында 26-январда өтүүчү “Кыргызстан-Өзбекстан” бизнес форумунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин Кыргызстанда боло турган мамлекеттик сапарына даярдык көрүү алкагында өттү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>