Чолпон-Атада Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча мелдештер өтүүдөСтамбул шаарында Кыргыз киносунун күндөрү өтөтОш шаарынын Кызыл-Байрак айылында 500 орундуу мектеп курулатМоюнга сайган: Москва районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалдыӨзбекстанда аял 30 жыл бою СССРдин паспорту менен жашаганЫсык-Көлдө 501 млн сомдук «Кырчын» турбазасы мамлекетке өттү
Казакстан: Арыста кайрадан жарылуу болуп, 4 адам жаракат алды
16.09.2019 | 11:24
Казакстандын Арыс шаарындагы ок дары сакталган аскердик кампаны тазалоо учурунда кайрадан жарылуу болуп, 4 аскер жаракат алды. Бул тууралуу Хабар 24. агенттиги жазды.
Казакстандын Коргоо министрлиги окуя 13-сентябрда болгонун, жабыркаган аскер кызматкерлери Алматыдагы аскердик госпиталга жеткирилгендигин билдирген.
Учурда ок-дарылар сакталган кампаны толугу менен зыянсыздандыруу аракеттери көрүлүүдө.
Буга чейин, 24-июнда Арыс шаарындагы курал-жабдык сактоочу кампадан өрт чыгып, андан соң ири жарылуу болгон. Кырсыктан улам шаар тургундары коопсуз жайга чыгарылган. Оор жаракат алган 3 адам каза болуп, 90го жакын адам оруканага кайрылган. Окуя болгон жерге президент Касым-Жомарт Токаев да барган.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар