Мыйзамсыз курулуп жаткан: Манаста 14 кабаттуу имараттын курулушу токтотулдуКыргызстандын банктарындагы депозиттердин көлөмү 880 млрд сомго жетти — ЕӨБТатарстанда жол кырсыгынан эки кыргызстандык жаран каза болдуМыктыбек Оролбай тарыхый рекорд жаратып, UFCде үчүнчү жеңишине жетишти17-мартта Бишкектин айрым аймактарында суу өчүрүлөтӨКМ: Ашууларга кар көчкү түшүшү мүмкүн
Казакстан быйыл Жеңиш парадын өткөрбөйт
14.04.2022 | 10:48
Казакстан быйыл Жеңиш парадын өткөрбөйт. Бул тууралуу 13-апрелде аталган республиканын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
«2022-жылы Казакстан Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына жана 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүнө арналган аскердик парад пландаштырылган эмес», — деп айтылат маалыматта.
Мындай чечимдин себеби тактала элек.
Ошол эле учурда Казакстанда аскердик-патриоттук иш-чаралар, Улуу Ата Мекендик согуштун жана республиканын Куралдуу күчтөрүнүн ардагерлерин сыйлоо пландалууда.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар