Чүй облусунун Кемин районунун Жылтыр тилкесинин тургуну эки күндөн бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
59 жаштагы жаранды 11 куткаруучу, 3 милиция кызматкери издөөдө. Алар жел кайык, дрон аппаратын колдонуп, суу жээктерин жана талааларды карап чыгышууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз