Кайрат Нуртас жана башкалар. Эскорт “Айканын тизмеси” боюнча териштирүү жүрөт

Кайрат Нуртас жана башкалар. Эскорт “Айканын тизмеси” боюнча териштирүү жүрөт

Казакстандын Ички иштер министрлиги өлкөдө чуу жараткан “Айканын тизмеси” боюнча териштирүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу мекеменин жетекчиси Ержан Саденов маалымат жыйында билдирди.

Ал тизменин аныктыгын ырастаган жок. Анын айтымында, учурда андай тизме барбы-жокпу, болсо аны ким ачыкка чыгарып жибергени териштирилип жатат.

“Эч кандай божомолдор жок (кимдер ачыкка чыгарды), биз аны социалдык тармактардан таптык, текшерип жатабыз, жыйынтыгы боюнча маалыматты сиздерге жеткиребиз. Тизме жасалмабы же жасалма эмеспи айта албайбыз», — деди министр.

Белгилей кетсек, Казакстанда акыркы бир нече аптадан бери “Айканын тизмеси» деп аталган маалыматтар кызуу талкуу жаратууда. Ал Айка аттуу эскорт кыздын телефонунан алынганы кабарланат. Анда элиталык сойкулардын VIP кардары болгон, жалпысынан 300дөй адамдын аты-жөнү, телефон номуру жана паспорттун номурлары жазылган. Анда белгилүү инсандардын катарында ырчы Кайрат Нуртас дагы бар.

Казакстандын ЖМКларынын маалыматында, Айка аттуу өзү июнь айында кармалган.

Аталган тизмедеги айрым адамдар социалдык тармактагы буллингден кийин өз өмүрүнө кол салуу аракетин көргөндүгү кабарланат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>