Дастан Бекешев депутаттарга уруксат берилген ишмердүүлүктүн түрлөрүн тактоону сунуштадыБаткенде 3 миңден ашык тургун таза суу менен камсыз болотЧолпон-Атада Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча мелдештер өтүүдөСтамбул шаарында Кыргыз киносунун күндөрү өтөтОш шаарынын Кызыл-Байрак айылында 500 орундуу мектеп курулатМоюнга сайган: Москва районунда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды
Кеминде күйдүргү аныкталганы боюнча текшерүү жүрүүдө
16.05.2024 | 14:13
15-майда Кемин районунун Кароол-Дөбө айылынын тургуну сибирь жарасына шектелип ооруканага түштү. Бул тууралуу Республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борбору билдирет.
Айыл чарба министрлигинин маалыматында, союлган мал сибирь жарасына каршы эмдөөдөн өткөрүлгөн. Адистер малдын этине лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө. Акыркы диагноз лабораториянын жыйынтыгы менен коюлат.
“Кемин районунун Кароол Дөбө айылынын аймагы сибирь жарасынан таза, анткени мурда ылаңдын очогу катталган эмес. Сибирь жарасы боюнча эпизоотиялык абал туруктуу, малдар арасында ылаңдаган жана күмөндүү жагдай аныкталган жок”, – дейт министрлик.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом