- Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларынан 93 кызматкер.
- Кемин райондук милициясынан 58 кызматкер.
- Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттен 80 кызматкер.
- Токой-чарба кызматынан 30.
- Жергиликтүү тургундардан 157.
20 кишилик чатыр тигилди. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Кемин районунун Көк-Ойрок айыл өкмөтүнө караштууу Кайыңды айылынын түштүк тарабында жайгашкан “Кыргыз Ала” тоосундагы “Көк-Жар Борду” коктуларындагы карагай, арчалары кечээтен бери өрттөнүп, токтобой жатат.