Кемпир-Абад: Мадумаров комитеттин жыйынында кандай чекиликтер кеткенин айтты

Кемпир-Абад: Мадумаров комитеттин жыйынында кандай чекиликтер кеткенин айтты

Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» жана «Кемпир-Абаддын суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорлорун бир күндө үч окууда жактырылышы Жогорку Кеңештин регламентине каршы келет. Бул тууралуу депутат Адахан Мадумаров билдирди.

Анын айтымында, аталган мыйзам долбоорлорун үч окууда бир күндө кароого эч кандай негиз болгон эмес. Себеби, мыйзам долбоорлору бир күндө үч окууда кандай учурларда карала турганы Жогорку Кеңештин регламентинде так жазылган жана анда чек ара маселелери тууралуу сөз жок.

«…Мамлекеттик чек араны өзгөртүүгө же конституциялык мыйзамдарды кароодо кылдат абал каралган. Үч окуудан кем эмес каралат, биринчи жана экинчи окуунун ортосу 10 күндөн кем эмес болот. Бул катуу талап. Бул конституциялык мыйзамдын талабы. Аны да четке кагып салышат. Эмнеге нааразы болуп жатасыңар дегенде, биз чай, нан, шекер сурап нааразы болгон жокпуз. Биз конституциялык мыйзамдын талаптарын кылдай кыйшайтпай сактагыла деп кыйкырып, жаман көрүнүп жататбыз», — деди ал.

Ошондой эле ал 15-ноябрда өткөн комитеттин жыйынында кворум болбогонун белгиледи. Ал билдиргендей, кворум болушу үчүн комитеттин жыйынына 14 мүчөнүн көпчүлүгү (эң азырында 8 эл өкүлү) катышышы керек. Жыйындын башында кворум болуп, бирок алар чыгып кеткенден кийин залда 7 эл өкүлү калгандыктан добуш берүү учурунда кворум болгон эмес.

«Эгер ушундай жагдай болуп, маселе элдин пайдасына чечилип калганда, кворум болгон жок деп чыгышмак. Булар буйрутма менен чечим кабыл алып жаткандан кийин мыйзамдуу болду деп айта беришет», — деди ал.

Эскерте кетсек, 15-октябрда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети «Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» жана «Кемпир-Абаддын суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорлорун үч окууда колдоп берген. Добуш берүүнүн алдында депутат Адахан Мадумаров кворум болбошу үчүн 5 депутат залдан чыгып кетүү чечимин кабыл алганын айтып, алар комитеттин отурумунан чыгып кеткен. Депутат Улан Бакасов комитеттин жыйынында кворум маселеси тууралуу суроо узатып, отурумга катышкан юрист залда комитеттин 14 мүчөсүнүн жетөөсү катышып жатканын, кворум бар экенин билдирген.

ЖК комитети Кемпир-Абад боюнча келишимди жактырды

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>