Жашыл энергетика фонду түзүлдү

Жашыл энергетика фонду түзүлдү

Министрлер кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Аталган чечим жашыл энергетика чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү максатында кабыл алынган.

Буга катар Жашыл энергетика фонду жөнүндө жобо жана уюмду башкаруу схемасы бекитилген.

Жашыл энергетика фонду жашыл энергетиканы долбоорлоону, күтүүнү, субсидиялоону, оңдоону, реконструкциялоону, курууну жана өнүктүрүүнү каржылоо үчүн каражаттарды топтоо, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактарынын энергия үнөмдөөчү технологияларын иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана киргизүүгө дем берүү максатында түзүлгөн мамлекеттик мекеме болуп саналат.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>