Кемпир-Абад: Президент парламенттин жыйынына катышат

Кемпир-Абад: Президент парламенттин жыйынына катышат

Президент Садыр Жапаров эртең, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Ал белгилегендей, жыйында Министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрү президент жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда ант беришет.

Андан тышкары, жыйында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселеси каралары күтүлүүдө.

Жыйындын түз эфири УТРК, республикалык жана облустук каналдарда, ошондой эле алардын социалдык тармактардагы баракчаларында көрсөтүлөт. Башталышы — саат 10:00.

Эскерте кетсек, 15-октябрда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети «Кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу» жана «Кемпир-Абаддын суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоорлорун үч окууда колдоп берген. Добуш берүүнүн алдында депутат Адахан Мадумаров кворум болбошу үчүн 5 депутат залдан чыгып кетүү чечимин кабыл алганын айтып, алар комитеттин отурумунан чыгып кеткен. Депутат Улан Бакасов комитеттин жыйынында кворум маселеси тууралуу суроо узатып, отурумга катышкан юрист залда комитеттин 14 мүчөсүнүн жетөөсү катышып жатканын, кворум бар экенин билдирген. Бирок жыйындан чыгып кеткен депутаттар Адахан Мадумаров, Нуржигит Кадырбеков жана Чыңгыз Айдарбеков кворум болбогонун билдиришүүдө.

Аталган мыйзам долбоорлору 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына ратификациялоого киргизилет.

Кемпир-Абад: Өзбекстандын парламенти Кыргызстан менен болгон келишимди ратификациялады

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>