Кыргызстандык спортчу Екатерина Руненко Беларуста өткөн КМШ оюндарынын алкагында каратэ-до боюнча мелдеште коло медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Екатерина Руненко +68 кг салмакта кач сынашкан. Алгачкы беттешинде ал өзбекстандык, экинчи беттешинде азербайджандык спортчуну уткан. Андан кийинки кармашта россиялык спортчуга жеңилген. Жарым финалдык беттеште өзбекстандык спортчуга жеңилип, жыйынтыгында коло медалга ээ болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз