БШК бекиткен президенттик шайлоонун календардык планындагы негизги даталар — чоо-жайыКеминде психиатриялык оорукана саркынды сууну арыкка төккөнү үчүн айыпка жыгылдыПакистан Ооганстанга абадан сокку урду: Кабул 9 адам каза болгонун билдирдиСпортчу айым Айсулуу Тыныбекова тасмага тартылуудаФСБ нацисттердин мыкаачылыгын Нюрнбергде ашкерелөөгө жардам берген документтерди жарыяладыКочкор районунда мыйзамсыз атылган тоо эчкинин улагы табылды
Таласта 9 уй жана 26 кой уурдаган шектүүлөр кармалды
14.08.2023 | 17:22
Талас районунда мал уурулукка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 31-июль күнү милицияга Талас районунун Талды-Булак жана башка айылдарынан 6 тургун арыз менен кайрылып, июнь жана июль айларынын ичинде жалпысынан 9 баш уй жана 26 баш койду белгисиз адамдар уурдап кеткенин билдирген.
Аталган фактыларга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө милиция шектүү катары Талас районунун жана Айтматов районунун 26 жаштагы А.И., Т.А., Б.Т. уулу аттуу тургундарын кармаган. Алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз