Ошто «Бий искусствосу-2023» фестивалы өтөт

Ошто «Бий искусствосу-2023» фестивалы өтөт

Ош шаарында «Бий искусствосу-2023» аттуу бийчилердин эл аралык фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Фестиваль 16-17-18-19-август күндөрү өтөт. Ага Индия, Өзбекстан, Казакстан, Түркия жана Кыргызстандын эң алдынкы бий топтору катышат.

Иш-чаранын программасы:

16-август:

Саат 19:00дө эл аралык «Бий искусствосу-2023» фестивалынын катышуучулары борбордук аянтка чогулуп, Бабур театрына чейин жөө жүрүшкө чыгышат.

Саат 20:00дө фестивалдын ачылыш аземи башталат.

17-август:

Саат 19:00дө У. Салиева көчөсүндө жайгашкан аллеяда тургундар жана коноктор үчүн фестивалдын катышуучулары өнөрлөрүн тартуулашат.

18-август:

Саат 19:00дө А. Шакиров көчөсүндөгү «Глобус» соода борборунун алдында бий-концерт кайталанат.

19-август:

Саат 19:00дө Бабур театрынын алдында “Бий искусствосу-2023” фестивалынын жабылуу аземи өтөт. Жалпы катышуучулардын катышуусунда флешмоб тартууланат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>