Кыргызстандын футзал боюнча жаштар (U-19) курама командасы Беларуста өткөн КМШ оюндарында 2-орунду ээледи. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Мелдешке 5 курама катышкан. Оюндар айлампада түрүндө болуп, командалар бирден беттеш өткөргөн.
Кыргызстандык команда 4 оюнда 7 упай топтоп, жыйынтыгында күмүш медалга ээ болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз