Бекболдун өлүмү. ИИМ шектүүлөрдүн кармалышы боюнча эски видеону көрсөттү

Бекболдун өлүмү. ИИМ шектүүлөрдүн кармалышы боюнча эски видеону көрсөттү

ИИМ менен Ысык-Көл облустук милициясы Бостериде киши колдуу болгон 23 жаштагы Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө шектүүлөрдүн кармалышы боюнча эски видео жарыялаган.

Видео Ысык-Көл облустук милициянын «Фейсбуктагы» баракчасына жана ИИМдин YouTube каналына жарыялангандан кийин бир катар ММК, анын ичинде биздин сайт видеону чыгарган. Бирок соцтармактын колдонуучулары видеодогу эски кадрларды көрүп, тасма эски экенин жазышкан. Чынында ал 2021-жылдагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган учурда тартылган видео болгон.

Кийинчерээк видеолор ИИМдин YouTube каналынан жана облустагы милициянын «Фейсбуктагы» баракчасынан өчүрүлдү.

Учурда Ички иштер министрлиги менен облустук милиция видео боюнча түшүндүрмө бере элек.

Ысык-Көлдө каза тапкан Бекболдун өлүмүнө шектүүлөрдүн кармалган видеосу

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>