Кыргызстанда куралга уруксат алуу: баш мээни текшерүү — көрсөтмө боюнча, никотинге көз карандылыкты тизмеден чыгаруу сунушталуудаКыргызстанда жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо боюнча мамлекеттик порталдар ишке кирдиБишкектин бир районунда бир жыл ичинде эттин баасын көзөмөлдөө боюнча 181 рейд өткөрүлдүFlydubai’дын учкучтары учуу учурунда мушташып кетишти — окуянын чооБишкекте иттерди сейилдетүү үчүн үч жерде атайын аянтчалар түзүлүүдөБишкектин «Калыс-Ордо» конушунда 1-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
Быйыл 6 айда Кыргызстан чет жакка 685,8 млн сомго балык сатты
14.08.2023 | 11:49
Быйыл 6 айда Кыргызстан чет жакка 685 млн 800,9 миң сомго балык саткан. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Маалыматка караганда, чет жакка 1 миң 716,9 тонна балык тирүүлөй, жаңы, муздатылган жана тоңдурулган түрдө экспорттолгон. Анын көбү – 1 миң 646,6 тонна балык Россияга 658 млн 992,7 миң сомго сатылган. Казакстанга 70,3 тонна балык 26 млн 808,2 миң сомго экспорттолгон.
Эскерте кетсек, буга чейин Айыл чарба министрлиги быйыл жарым жылда Кыргызстан Казакстан менен Орусияга 1 миң 901 тонна 870 кг (1 млн 901 миң 870 кг) балык экспорттогонун кабарлаган.
Быйыл 6 айда Кыргызстан эки өлкөгө 1,9 млн кг балык экспорттоду
Биздин Телеграм каналга катталыңыз