Кочкор-Атада оорукананын аймагында 2 турак үй, 2 жеке клиника жана 5 дарыкана курулган
Кочкор-Ата шаарындагы оорукананын бир нече имараты жана жер тилкеси жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылып кеткени аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
1993-2009-жылдар аралыгында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жана Кочкоо-Атанын жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлери ооруканын 4 административдик имаратын, төрөт бөлүмүнүн бир бөлүгү, жалпы аянты 28 сотых жер тилкелерди менчикке чыгарган. Натыйжада оорукананын аймагында 2 турак үй, 2 жеке клиника, жана 5 дарыкана курулган.
Учурда УКМК менен прокуратура объекттерди мамлекетке кайтаруу иштерин баштады.
[image_carousel source=”media: 216971,216972,216973,216974,216975,216976″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]