ӨКМдин мурдагы башчысы Ала-Арча дарыясынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуш үчүн кармалдыКыргызстанда «Табигый Кыргыз Жаңгагы» бренди түзүлүүдө. Азыр ал кайсы этапта?Эми кыргызстандыктар Түштүк Кореяга EPS системасы аркылуу ишке орношо алышатБаткенде 36-эл аралык «Өрүкзар» поэзия фестивалы башталдыКасымалиев кызматын аткарып жатып каза болгон куткаруучунун үй-бүлөсүнө батирдин ачкычын тапшырдыОкуучулардын медициналык маалым каттары санариптешти: ата-энелер эмнени билиши керек
Бүгүн «Кытай – КР – Өзбекстан» темир жолунун курулушу башталат
27.12.2024 | 10:39
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-декабрда жумуш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Сапардын алкагында Жапаров «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун курулушун баштоо аземине катышат.
Иш-чара УТРКнын жана социалдык тармактардын баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт. Түз алып көрсөтүүнүн 12:00до башталат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом