Астанада өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жорго салыш жарышында Кыргызстан 1 алтын менен 1 коло утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Жорголор 9 чакырымга жарышып, Чубак Жайлообек уулу Чиксон Лок аргымагы менен 1-орунду ээледи. Аттын ээси — Жаныбек Карыпбеков, саяпкери — Чубак Жайлообек уулу.
Ал эми 3-орунга Нурэл Иранов Императрица аргымагы менен татыды. Аттын ээси — Өмүрбек Бабанов, саяпкери — Чубак Жайлообек уулу.
Мелдешке 18 чабандес катышты.
Курама команда машыктыруучулар Мирзат Шүгүралиев, Самаган Бейшеналиев, Уланды Султанбаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.