Кабмин «Кемин—Балыкчы» ЛЭП курууга 67,7 млн евро тартатЫсык-Көлдө баңги лабораториясы аныкталып, эки киши кармалды«Манас» эпосу дунган тилинде жарык көрдүУКМК: Нарында «Йакын-Инкардын» мүчөлөрү уюмдун идеологиясынан баш тартыштыСадыр Жапаров Чоң-Алайдагы медициналык объектилердин курулушу менен тааныштыМСК 1-майга чейин кимдер салык декларациясын тапшырышы керектигин эскертти
Көк бөрү: “Ынтымак” командасы чемпион болду
21.03.2022 | 16:57
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча республикалык Нооруз-2022 турниринде Ынтымак командасы 4:1 эсеби менен Сары-Өзөндү жеңди.
“Ынтымак” командасынан Майрамбек Рыспеков 2 улак, Өмүрбек Эсен уулу жана Кушчубай Илис уулу бирден улак салып, утушту камсыздашты. Ал эми “Сары-Өзөн” командасынын оюнчусу Сейитбек Анарбек уулу бир улак салганга үлгүрдү.
“Ынтымак” командасы чейрек финалда “Мурасты” 8:0 эсебинде жеңип, жарым финалда “Достукту” 2:0 эсеп менен утуп алган эле.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт