Президент Кара-Кулжа айылында маданият жана калкты тейлөө борборун ачтыКабмин «Кемин—Балыкчы» ЛЭП курууга 67,7 млн евро тартатЫсык-Көлдө баңги лабораториясы аныкталып, эки киши кармалды«Манас» эпосу дунган тилинде жарык көрдүУКМК: Нарында «Йакын-Инкардын» мүчөлөрү уюмдун идеологиясынан баш тартыштыСадыр Жапаров Чоң-Алайдагы медициналык объектилердин курулушу менен таанышты
Колонияга баңгизат киргизүүгө аракет кылган жигит кармалды
13.06.2022 | 15:53
Новопокровка айылындагы №3 мекеменин аймагына тыюу салынган буюмдарды алып кирүүгө аракет кылган 18 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу ЖАМКтын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 12-июнь күнү саат 04:00дөр чамасында №3 абагынын тосмосунун жанынан Чүй облусунун Аламүдүн районундагы айылдардын биринин 18 жаштагы тургуну С.Ж.М. тыюу салынган буюмдарды колониянын аймагына өткөрүүгө аракет кылган.
Тинтүү учурунда алар полиэтиленге оролгон таңгак табылган, анын ичинде баңги заттарына мүнөздүү жыты бар жашыл зат болгон.
Кармалган жарандын өзү жана бул окуя боюнча материалдар кошумча иликтөө үчүн Ысык-Ата РИИБге өткөрүлүп берилди.

Рубрики: Жаңылыктар, Криминал