Баткенде 16 кг баңгизат менен ооганстандык баңгитөбөл кармалды

Баткенде 16 кг баңгизат менен ооганстандык баңгитөбөл кармалды

Баткенде Ооганстандын жараны өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Баткен облусунун аймагында жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Ооганстандан чыккан баңгизаттарды жеткирүү каналын уюштурууга тиешеси бар Ооганстандын 1980-жылы туулган М.И.К. аттуу жаранын кармашты.

Шектүүдөн ооган тектүү баңгизаттар өзгөчө ири өлчөмдө табылып алынган. Анын салмагы 6 кг 942 гр героин жана 9 кг 550 гр гашиш баңгизаты болгон. Кармалган адам бул баңгизаттарды Россияга, андан ары Европа өлкөлөрүнө ташуу жана сатуу үчүн Кыргызстандын аймагына кирүүнү пландаштырган.

Аталган факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча сотко чейинки териштирүү башталды.

Кармалган адам Кадамжай райондук ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, анын өздүгүн тактоодо деструктивдүү диний агымды жактаган адам экендиги аныкталган.  Учурда тергөө иштери уланууда.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>