Кыргызстандын Каржы министрлиги жана Дүйнөлүк банк «Камбар-Ата-1 ГЭС» долбоорун ишке ашыруу боюнча кадамдарды белгилештиСаламаттык сактоо министрлигине аялдардын ден соолугу үчүн керектүү 18,4 млн сомдук дарылар тапшырылдыБашкы прокурор: 2025-жылы мамлекетке 34,8 млрд сом кайтарылдыРосатом Кыргызстандагы уран казып алуу объекттерин рекультивациялоону аяктадыАйыл чарба министрлигине 63 даана атайын техника тапшырылдыЖогорку Кеңештин дагы бир депутаты мандатын тапшырды
Конгодо жикчилдердин чабуулунан Италиянын элчиси каза болду
22.02.2021 | 18:03
Конго Демократиялык Республикасындагы (КДР) Италиянын элчиси Лука Аттаназио келе жаткан колоннага кол салуу болуп, ал каза болду. Бул тууралуу Италиянын Тышкы иштер министрлигине таянуу менен чет элдик басылмалар жазышууда.
Буга чейин, Африканын жалпыга маалымдоо каражаттары дипломат жүргөн колоннага согушкерлер кол салганын жазып чыгышкан.
“Тышкы иштер министрлиги Конго Демократиялык Республикасындагы Италиянын элчиси Лука Аттаназионун жана аскерлер корпусунун жоокеринин өлүмүн терең кайгы менен тастыктады. Элчи Бириккен Улуттар Уюмунун Конго Демократиялык Республикасындагы Турукташтыруу Миссиясынын алкагында жүргөн болчу”, – деп айтылат билдирүүдө.
Рубрики: Дүйнө