Конор Макгрегор киного тартылат

Конор Макгрегор киного тартылат

UFC’нин 2 салмак чениндеги мурдагы чемпиону, ирландиялык мушкер Конор Макгрегор киного тартылат. Бул тууралуу «Чемпионат» басылмасы жазды.

Макгрегор 1989-жылы чыккан америкалык «Жолдогу үй» тасмасынын жаңыланган версиясында тартылат. Бул тасмада ал Джейк Джилленхол, Билли Магнуссен жана Дэниэла Мелшиор сыяктуу актерлор менен бирге ойнойт.

Тасмага «Мистер жана миссис Смит», «Келечектин чеги» фильмдерин тарткан Даг Лайман режиссерлук кылат.

Кинотасма Флоридадагы кафелердин бирине күзөтчү болуп ишке орношкон UFC’нин мурдагы мушкери (Джилленхол) тууралуу болот. Бул тасмада Макгрегорго кандай роль туш келери белгисиз. Бирок ал кыска бир эпизоддо эмес, толук кандуу роль жаратат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Макгрегор

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>