Бишкекте 7 үй-бүлөлүк медицина борборуна унаалар тапшырылды

Бишкекте 7 үй-бүлөлүк медицина борборуна унаалар тапшырылды

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров жергиликтүү бюджеттин каражатына сатылып алынган үй-бүлөлүк медицина борборлорунун көчмө амбулатордук кызматын уюштуруу үчүн 7 автомашинанын ачкычын тапшырды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мэрия тарабынан 7 унаа Бишкек шаарындагы №1,2,3,4,5,9,10 үй-бүлөлүк медицина борборлоруна  бөлүштүрүлдү.

Көчмө амбулатордук баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматы бейтаптын жашаган жери боюнча медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган жана үй-бүлөлүк дарыгердин жана тар адистердин кеңешин, диагноз коюуга, дарылоого, реабилитациялоого жана паллиативдик жардамга багытталган медициналык кийлигишүүлөрдү камтыйт.

Белгилей кетсек, үй шартында сапаттуу медициналык кызматка муктаж болгон бардык бейтаптар амбулатордук медициналык жардамын колдоно алышат. Көчмө амбулатордук кызматтар бекер көрсөтүлөт.

Көчмө амбулатордук кызмат — бул пилоттук долбоор. Аларды борбор калаанын ири үй-бүлөлүк медицина борборлору алдында ачуу пландалууда. Муну менен үйдө кызмат көрсөткөн медициналык персоналдын сапаттуу иштеши үчүн шарттар түзүлөт, ошондой эле тез медицина борборунун ишин жеңилдетүү мүмкүнчүлүгү бар.

Көчмө амбулатордук кызмат төшөктө жаткан, онкологиялык, кургак учук жана паллиативдик бейтаптарга жардам көрсөтөт. Кызмат тез жардам чакырууларын тейлебейт жана ооруканага жаткыруу менен алектенбейт. Бул функциялар тез жардамдын кызматында кала берет.

Бейтаптын үйүнө баруу бейтаптын же анын туугандарынын же камкорчуларынын кайрылуусунун, ҮМБ же ҮДТнын бейтаптын стационарынан чыгарылгандыгы жөнүндө билдирүүнү алуунун негизинде, ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарынын диспансеризация журналындагы тизме боюнча түзүлөт.

Үйдө медициналык жардам камсыздандырылган бейтаптын иш жүзүндө жашаган аймагында жайгашкан борбор тарабынан көрсөтүлөт.

Амбулатордук кызмат көрсөтүү төмөнкү учурларда жүзөгө ашырат:
— белгиленген ооруда дарылоочу дарыгер сунуш кылган үй режимин так сактоо зарыл болгондо (врач-консультанттын сунушу боюнча стационардан чыккандан кийин дарыгерди үйгө чакыруу);
— катуу өнөкөт ооруларда, эгерде бейтапты унаа менен ташуу мүмкүн эмес болсо жана кыймылдоо мүмкүнчүлүгү жок болсо;
— оорунун терминалдык стадиясында турган, олуттуу чектелген физикалык жана психикалык мүмкүнчүлүктөрү бар жана интенсивдүү симптоматикалык терапияга, психо-социалдык жардамга, узак мөөнөттүү башка бирөөнүн камкордугуна муктаж инкурабелдүү бейтаптарга жардам көрсөтүү үчүн;
— зарыл болгон учурда стационардан чыккандан кийин оор дартка чалдыккан балдар жана чоңдор айыкканга чейин байкоо жүргүзүү.
— унаа менен ташуу мүмкүн эмес бейтаптарга рецепт жазуу үчүн;
— документтерди жана эмгекке жарамсыздык баракчасын тариздөө менен убактылуу эмгекке жарамсыздыкты экспертизалоо үчүн;
— ооруканага жаткырууга жолдомону тариздөө үчүн.

Кызмат көрсөтүүчү топтун курамына: дарыгер, медициналык айым, социалдык кызматкер, психолог, санитар, ыктыярчылар болот.

Көчмө кызматтын автоунаалары багыттама навигациясы менен жабдылат, бул көчмө команданын гепозициясын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: мэрия унаа

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>