Шератондогу жаңжал: Сот Зарина Воинова жана анын бир тууганы боюнча өкүм чыгардыИИМ: Ак-Ордодо эки адамды өлтүрүүгө шектүү жаран кармоо учурунда өлтүрүлдүКиши өлтүрүп эл аралык издөөдөгү кыргызстандык Москвадан кармалдыШайлоо. Адылбек Касымалиев республикалык штабдын биринчи отурумун өткөрдүЭмне үчүн Афганистан-Пакистан кагылышуусу чек ара чатагынан олуттууракСадыр Жапаров Реми Дюфлону кабыл алды: Кыргызстан – Европа Биримдиги менен кызматташууну чыңдоого даяр
Көңүл бургула! Бишкекте катуу шамал болот
29.03.2022 | 13:50
Гидрометборбордун маалыматы боюнча, жакынкы сааттарда жана күндүз борбор калаада түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт. Бул туурасында эскертүүнү Бишкек мэриясынан таратты.
Ага ылайык, Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды кырсыктарды жана жеке мүлкүнө зыян келтирбөө үчүн унааларын бак-дарактарга жана жеңил объектилердин жанына токтотпоону өтүнөт.
Урматтуу жарандар! Абайла! Өзүңдү сакта!
Өзгөчө кырдаалдар учурунда 112 Куткаруу кызматына, борбор калаанын мэриясынын Call-борборуна 1840 жана 1850 телефондору боюнча күнү-түнү байланышып, 0554 -182-185 номуруна фото жана видео фактыларды жөнөтүңүз.
Биз ар дайым барбыз, дайыма байланыштабыз.
Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да, жакынкы бир саат аралыгында, күндүн экинчи жарымында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөөрүн шардана кылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар