Баңгизат: Уюшкан кылмыштуу топ колго түштү

Баңгизат: Уюшкан кылмыштуу топ колго түштү

26-март күнү КР УКМК кызматкерлери Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук кызматы менен биргеликте Өзбекстан Республикасынан 5,350 кг. «гашиш» баңгизатын сатып алуу жана андан нары бөлүштүрүү учурунда Өзбекстан Республикасынын Анжиян шаарынын төмөнкү жарандары кармалышты: 1993-ж.т. С.С.М., 1994-ж.т. Н.Д.Д., 2003-ж.т. Т.С.Б., 1995-ж.т. У.М.К. Бул туурасында жашыруун кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, атайын операциянын натыйжасында баңгизаттарды таратуу боюнча туруктуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү болгон жогоруда аталган адамдардын кылмыштуу аракеттери токтотулду.

УКМК органдары тарабынан баңгизатын эл аралык мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын жана КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды алардын аналогторун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдын алкагында, чек арадан өткөн баңгиканалдардын ишине бөгөт коюлду.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>