Ош шаарында 249 орундуу заманбап Перинаталдык борбор курулуудаБишкекте Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылатОшто жаңы сквер жана сейил бак курулуудаМамлекеттик бюджеттен респиратордук колдоого муктаж балдар үчүн каражат бөлүндүIT, креативдүү экономика, технология: Бишкекте «Go Viral Festival 2026» фестивалы өтөтАйрым аймактарда жаан жаайт: 8-августка карата аба ырайы
Көңүл бургула! Бишкекте катуу шамал болот
29.03.2022 | 13:50
Гидрометборбордун маалыматы боюнча, жакынкы сааттарда жана күндүз борбор калаада түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт. Бул туурасында эскертүүнү Бишкек мэриясынан таратты.
Ага ылайык, Бишкек шаарынын мэриясы айдоочуларды кырсыктарды жана жеке мүлкүнө зыян келтирбөө үчүн унааларын бак-дарактарга жана жеңил объектилердин жанына токтотпоону өтүнөт.
Урматтуу жарандар! Абайла! Өзүңдү сакта!
Өзгөчө кырдаалдар учурунда 112 Куткаруу кызматына, борбор калаанын мэриясынын Call-борборуна 1840 жана 1850 телефондору боюнча күнү-түнү байланышып, 0554 -182-185 номуруна фото жана видео фактыларды жөнөтүңүз.
Биз ар дайым барбыз, дайыма байланыштабыз.
Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да, жакынкы бир саат аралыгында, күндүн экинчи жарымында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөөрүн шардана кылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар