Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу соттолуп жаткандар кысымга жана зомбулукка кабылып жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов билдирди.
Ал айыпталуучулар соттук териштирүүнүн жүрүшүндө сабалып жатканын айтты.
“Эки жылдан бери сот болбой жатат. Жоокерлер айыпталып жаткан саясатчыларды чыканак менен “дыхалкага” уруп, кордоп жатышат”, — деди Шайлообек Атазов.
Ал парламентте Кемпир-Абад ишине байланыштуу түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгын сурады.
“Депутаттык комиссиянын жыйынтыгы чыгабы-чыкпайбы? Күн тартибине киргизип, угуп койбойлубу?”, — деди ал.
Кечээ Өзбекстанга берилген суу сактагыч боюнча соттук иш өтүп, анда айыпталып жаткан активисттер күч менен залдан чыгарылды. Иш айыпталуучуларсыз жана алардын жактоочусу жок өттү.
Эскерте кетсек, 2022-жылы 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.
24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган. Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.
Аталган иш боюнча айыпталып жаткан 25 адамдын 11 камакта. Калганын бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз