Кыргызстанда 399 адам коронавирустан дарыланып жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
251 адам амбулатордук (үй шартында), 148 адам ооруканада дарыланууда, анын ичинен 13 адамдын абалы өтө оор, 68инин абалы оор. 67 бейтаптын (же 45,2 пайызынын) абалы орточо деп бааланууда.
2020-жылдын март айынын башынан бери расмий маалыматтар боюнча 195 713 адам айыгып чыкты.