Мамытов: Аялзаты үйдүн куту

Мамытов: Аялзаты үйдүн куту

Жогорку Кеңештин төрагасыТалант Мамытов 8-март — Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 8-март — Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Аялзаты эзелтен эле үйүбүздүн куту, балдардын мээримдүү энеси, жароокер жубайы катарында төрүбүздүн сыймыгы болуп келген.

Өмүргө өмүр улап, ар бирибизди камкордукка алып, жылуулук тартуулаган да аялзаты. Андыктан жашообуздагы жагымдуу окуялар сиздер менен гана байланыштуу.

Элибиздин башына түшкөн оор сыноолордо да аялзаты келечек үчүн жоопкерчиликти алып, өзүнүн даанышмандыгын көргөзүп келген. Өзүнүн ак эмгеги менен белгилүү болгон айымдарыбыздын ысымдары түбөлүк тарых барактарында жазылып, кийинки муундарыбызга татыктуу өткөрүлүп келет.

Сиздер өлкө келечегин жаратып, улуттун учугун улаган кадырман энесиздер. Сиздердеги аруулук, сабырдуулук жана кажыбас кайрат калкыбызга дем-күч берип, баарыбызды жаркын үмүткө чакырат.

Биздин асыл айымдар, бар болуӊуздар! Дагы бир жолу майрамыӊыздар менен! Ден соолук, узун өмүр жана бакубат жашоо каалайм», — деп жазылат куттуктоодо.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>