Коронавирус жуктурган бир да учур жок деген Түркмөнстанда илдеттен 15 бейтап көз жумду

Коронавирус жуктурган бир да учур жок деген Түркмөнстанда илдеттен 15 бейтап көз жумду

11-12-декабрь күндөрү коронавирустун белгилери менен Түркмөнабад шаарындагы ооруканаларда жаткан 15 бейтап каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

«Түркмөнабаддагы шаардык инфекциялык оорукада күн өткөн сайын COVID-19дун белгилери менен жаткырылгандар жана каза болгондор көбөйүүдө. 12-декабрда бул медициналык жайда сегиз киши көз жумду», — деди шаардагы тез жардам кызматынын дарыгери.

Анын айтымында, 11-декабрда да шаардагы ооруканаларда дарыланып жаткан жети киши каза болгон.

«Мындан тышкары коронавирустун белгилери бар 10 киши оор абалда ооруканага жеткирилди. Аларга да пневмония диагнозу коюлду», — деди дарыгер.

Түркмөнстандын бийлиги өлкөдө бүгүнкү күнгө чейин коронавирус жуктурган бир да учур катталбаганын билдирип келет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>