Коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн саламаттык сактоо министринин абалы айтылды

Коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн саламаттык сактоо министринин абалы айтылды

Коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн кийин саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу аталган министрликтин өкүлү Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, COVID-19га каршы эмделген калган адамдардын абалы дагы канааттандырарлык. Жалпысынан 100 адам эмдөөдөн өттү.

«Бардык вакцинацияланган адамдар макулдук баракчасын толтуруп, ҮМБда дарыгерге кайрылып, вакцина жөнүндө эскертүү алышты. Ошондой эле, бардык эмдөөлөргө күнү, убактысы жана дозасы көрсөтүлгөн карточка берилди. Бардык эмделген адамдар электрондук базага киргизилет», — деди ал.

Кечээ, 29-мартта Кыргызстанда коронавирус инфекциясына каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталгандыгын кошумчалайбыз. Биринчи этап калктын 3% камтыйт. Эмдөө медицина кызматкерлери, билим берүү мекемелеринин мугалимдери, укук коргоо жана коопсуздук кызматкерлери, тейлөө чөйрөсүнүн, соода жана коомдук тамактануу жайларынын кызматкерлеринин арасында жүргүзүлөт.

Динге ишенгендердин коронавируска каршы эмдөөгө мамилеси кандай?

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>